13.01.2026
Кароолор: 1
(ФАП)

Новопокровка айылында жайгашкан жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) керектүү эмеректер жана жабдуулар менен толук камсыздалды. Атап айтканда, медициналык кызматкерлер үчүн жети жумушчу стол, медициналык документацияларды, дары-дармектерди жана керектелүүчү материалдарды сактоо үчүн жети шкаф, кызматтык жыйындарды жана иш-пландарды өткөрүү үчүн бир жыйын столу, ошондой эле медициналык документтерди тартиптүү жана коопсуз сактоо үчүн үч картотекалык шкаф сатылып алынып, орнотулду.