Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

17.05.2023

Кароолор: 74

Логвиненко айыл өкмөтү кадрлык резервине кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:

Логвиненко айыл өкмөтү кадрлык резервине кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:

Чүй облусунун Ысык-Ата  районунун Логвиненко айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамынын 10,12 беренесине ылайык, “ Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн иштешинин тартиби жөнүндөгү” Кыргыз республикасынын Президентинин 2-февраль 2022-жылындагы №24-Жарлыгы менен бекитилген  муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна Логвиненко айыл өкмөтүнүн кадрлык резервине кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:

 айыл өкмөтүнүн кадрдык резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан кем эмес;

3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.

Муниципалдык кызматтын административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу:

—«Санарип аймак»  билим, маданият жана спорт боюнча башкы адис – 1 штаттык бирдик

1) кесиптик билиминин деңгээли:

жогорку билим;

2) стажы жана иш стажы:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

Кесиптик компетенциялар:

билүүсү:

  1.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
  2. « Билим берүү боюнча » Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
  3. “Жеке маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

жөндөмдөр:

маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

жаңы эмгек шарттарына көнүү

көндүмдөр:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык  азыктарга  ээ болуу

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— жеке арыз; 

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),  автобиография (соттолгону  бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

Эскертүү: Ачык конкурска  катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер  гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.

Документтерди кабыл алуу,  кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, 2023-жылдын 16-майынан баштап 29-майына чейин   Чүй облусы,Ысык-Ата   району, Новопокровка айылы,  Ленин көчөсү  дарегинде жайгашкан,  Логвиненко  айыл өкмөтүнүн административдик  имаратында кабыл алынат Тел: 031-32 6-31-51