16.12.2025
Кароолор: 1
Новопокровка айылындагы №4 орто мектебинин аймагында

«Сары-Өзөн Курулуш» мамлекеттик ишканасы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул иштердин алкагында төмөнкү объектилерде төрт очоктуу санитардык түйүндөрдү (дааратканаларды) куруу каралган:
Новопокровка айылындагы №4 орто мектебинин аймагында;
Туз айылынын Маданият үйүнүн аймагында.
Аталган курулуш иштери санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган. Иштер бекитилген долбоорлоо-сметалык документацияга, ошондой эле белгиленген курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык аткарылат.________________________________