27.01.2026
Кароолор: 2
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө.

Урматтуу Жайылма айыл аймагынын тургундары!
Сиздердин мүлкүңүздөрдү коргоо жана өзгөчө кырдаалдар (өрт, суу каптоо, жер титирөө жана башка табигый кырсыктар) учурунда каржылык тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылдыгын эскертебиз.
Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
табигый кырсыктар жана авариялар болгон учурда келтирилген зыян үчүн компенсация алууга;
үй-бүлөлүк бюджетти күтүлбөгөн ири чыгымдардан коргоого;
калктын социалдык жактан корголуу деңгээлин жогорулатууга.
Бардык турак үйлөрдүн жана батирлердин ээлерин камсыздандыруу келишимин өз убагында түзүүгө чакырабыз.
Турак жайды камсыздандыруу — бул үй-бүлөңүздүн коопсуздугуна жана мүлкүңүздүн сакталышына кошкон салымыңыз.
Түшүнүүңүздөр жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Жайылма айыл өкмөтүнүн администрациясы