30.12.2025
Кароолор: 5
Жаңы-Жыл

Жайылма айыл өкмөтү тарабынан Жаңы жыл майрамына карата 187 даана жаңы жылдык белек даярдалды. Бул белектер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана мектепте жакшы окуп, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган окуучуларга тапшырылды. Иш-чаранын негизги максаты — балдарды кубантуу, аларды окууга жана алдыга умтулууга шыктандыруу, ошондой эле майрамдык маанай тартуулоо болду. Айыл өкмөтү мындан ары да социалдык колдоого муктаж балдарга өзгөчө көңүл бура берерин белгиледи.